Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Украинанын чыгышында беш аскер окко учту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украин армиясы өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен кармаштан беш аскери жан берип, төртөө жарадар болгонун кабарлады. 24-ноябрдагы билдирүүгө ылайык, жоокерлердин төртөө бир күн мурда Кримське айылындагы сегиз саатка созулган атышууда окко учкан.

Кримське Луганск шаарынан батышты көздөй 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул аптада жикчил топтордун ортосунда жакынкы шаарды көзөмөлдөш үчүн атаандаштык күч алганы белгилүү болду. Украин армиясы соңку кармашта жикчилдердин сегиз жоокери өлүп, тогузу жарадар болгонун билдирди.

Украинанын Донецк жана Луганск облустарында 2014-жылдын апрель айында тутанган кармаш баш-аягы 10 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG