Пакистандын бийлиги соттун чечиминин негизинде АКШ согушкер катары издөө салган Хафиз Саидди үй камагынан бошотту. Эки күн мурда Саиддин үй камагындагы мөөнөтүн дагы 60 күнгө узартуу жөнүндө жергиликтүү бийликтин өтүнүчүн сот канааттандырган эмес. Бул маалыматты Саиддин жакын өкүлү Яхя Мужахид да тастыктады.
Хафиз Саид 2008-жылы Мумбаиде 166 адамдын өмүрүн алган чабуулга байланышы бар топту түзгөн деп айтылып келет. Анын эркиндикке чыгарылышы АКШ менен Индиянын ачуусун келтирет деген пикирлер бар.
Алар Саидди өзү жетектеген "Жамаат-уд-Дава" тобу менен Индиянын эң ири шаарындагы эки мейманканага чабуул койгон деп айыптап жүрүшот. АКШ Саидди кармап, жоопко тартууга түрткү бере турган маалымат үчүн 10 миллион доллар сунуш кылган.