Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

ИИМ президенттик кортежге кошулган машине тууралуу түшүндүрмө берди


Президенттин кортежи.
Президенттин кортежи.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бүгүн жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин президенттик кортеждин артынан ээрчип келген машиненин чоо-жайы тууралуу "Азаттык" радиосуна маалымат берди. Анын айтымында, машине кортежге таандык болгон. Бирок белгиленген план боюнча өз убагында эмес, эрте келип, кортежге жакындап алганына байланыштуу токтотулган:

- ИИМ кортеждин артынан ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" үлгүсүндөгү машине келгенин, анын жолун укук коргоо органдарынын кызматкерлери тосконун маалымдайт. Автоунаа да кортежге тиешелүү болгон. Бирок ал бир аз кечирээк келиши керек болчу. Кимдир-бирөө атайлап кортежге жакындады деп айтуу чындыкка туура келбейт. Жаңы шайланган президенттин инаугурациясынын учурунда трасса баштан-аяк милиция жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөндү.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү ант берүү аземинен кийин Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев түшкөн машинени төрт автоунаа жана беш мотоцикл коштоп Ак үйгө келген. Чыңгыз Айтматов көчөсүндө кортеждин артынан келген ак түстөгү жолтандабасты жарандык кийимчен киши жана МАИ кызматкери токтоткону тартылган видео Интернетте тараган. (NT)

XS
SM
MD
LG