Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Армения менен Евробиримдик өнөктөштүк келишимине кол койду


"Чыгыш өнөктөштүгүнүн" Брюсселдеги саммитинде Армения менен Евробиримдик Ар тараптуу жана кеңейтилген өнөктөштүк тууралуу келишимге жетишишти. Ага Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандян жана Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини армян президенти Серж Саргсян менен Еврокеңештин төрагасы Дональд Тусктун катышуусундагы аземде кол коюшту.

"Бул Евразиялык экономикалык биримдикке да мүчө болгон тарап менен жетишилген алгачкы келишим. Аны ишке ашыруу абдан маанилүү болмокчу",-деди Федерика Могерини.

Эки тарап тең бул келишим Армениянын Орусия менен жакын мамилесине таасирин тийгизбей турганын белгилешти.

"Армения бул келишимдин негизинде эки тараптуу кызыкчылыкка туура келген бардык тармактар боюнча Евробиримдик менен кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар",-деди армян министри Эдвард Налбандян.

Бул макулдашууга ылайык, Армения саясий системасын, институттарды реформалоо, адам укуктарын бекемдөө милдеттемесин алат. Ал үчүн Евробиримдиктин экономикалык колдоосуна ээ болот. Ошентсе да соңку макулдашуу Грузия, Молдова жана Украина менен жетишилген ассоциациялык келишимдерден айырмаланып, эркин соодага уруксат бербейт.

24-ноябрда Брюсселдеги саммитке Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан, Беларустун өкүлдөрү жана Евробиримдиктин лидерлери катышты.

XS
SM
MD
LG