Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Таласта ырчы Чубак Сатаевге эстелик тургузулду


Таластын Бакай-Ата районунда маркум ырчы Чубак Сатаевдин айкели орнотулду. Ачылышы 24-ноябрда болду.

Сатаев өзү туулуп өскөн Боо-Терек айылындагы Маданият үйүнүн алдында тургузулган эстеликте ырчынын аккордеон кармап турган элеси чагылдырылган. Ага жергиликтүү бюджеттен 108 миң сом сарпталганын аталган айыл өкмөттүн башчысы Идирис Кермалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Чубак Сатаев 1960-жылдын 13-январында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Анын "Арман, ай", "Кайгырбачы, кан досум", "Кең дүйнө", "Ак бата" ырлары бүгүнкү күндө кайрадан жаңыртылып ырдалып келет.

Сатаев жалпысынан 33 обондуу ыр жараткан. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнөдөн кайтканы айтылат. Учурда анын өнөрүн баласы Кубаныч Сатаев улантып келет. (AlS)

XS
SM
MD
LG