Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:14

Отунбаева: жаңы аткаминерлердин демократия курууга тиешеси жок


Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" радиосунун студиясында, 25.11.2017

Экс-президент Роза Отунбаева кыргыз өкмөтүндөгү аткаминерлердин Кыргызстандын демократия аралчасы катары таанылуусунда эч кандай эмгеги жоктугун билдирди. Мындай пикирин 25-ноябрда "Азаттык" радиосуна курган маегинде айтты:

- Премьер болуп жатышат, вице-премьер болуп жатышат, биринчи вице болуп жатышат. Алардын биринин да "Демократиялык аралча" деген сөзгө кенедей да тиешеси жок. Ал түшүнүк укук коргоочулардын, журналисттердин талыкпас эмгеги менен жаралган.

Отунбаева жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун демократияга салымы аз экенин, Кыргызстанга дүйнөлүк аренада ким кандай баа берери мындан ары Жээнбековдун кадамдарынан көз каранды болорун белгиледи. (SE\BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG