Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Египетте отуздан ашуун согушкер жок кылынды


Мечитке кол салуу кийин тартылган сүрөт
Мечитке кол салуу кийин тартылган сүрөт

Египет армиясы эки жүздөн ашуун адамдын өмүрүн кыйган чабуулдан соң Синай жарым аралында атайын операция жүргүздү. Рейд учурунда Эр-Рисан кыштагында отуздан көп согушкер жок кылынганын Sky News Arabia агенттиги расмий маалыматтарга таянып билдирди. Мурдараак жоочулардын турумдарына, автоунааларына абадан сокку урулган.

24-ноябрда Египеттин түндүгүндө жайгашкан Синай аймагындагы Эл-ариш шаарчасында мечитке кол салуудан набыт болгондордун саны кеминде 235 адамга жетти, жүздөн ашуун адам жараат алган.

Маалыматтарга караганда, бомба жана мылтыктар менен куралданган адамдар төрт унаа менен мечитке келишкен. Алар бомба жардырып, андан соң мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Египетте үч күндүн аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG