Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Лондон метросундагы эвакуация учурунда 9 адам жабыркады


Лондон полициясы 24-ноябрь күнү "атышуу" тууралуу кабардан соң метронун бир канча станциясынан элди эвакуациялады. Дүрбөлөңгө түшкөн элдин тыгынында тогуз адам жабыркаганы кабарланды.

Окуя дүкөндөрдөгү арзандатуулар болчу "кара жума" жарыяланган күнү, коомдук транспорттор жана соода түйүндөрү адамдарга толо учурда болду. Бирок атышуу жана кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат такталган жок.

Полициянын маалыматына ылайык, окуя Оксфорд Серкус станциясында белгисиз эки киши чырдашканынан улам күчөп кеткен. Алардын сүрөтү жарыяланып, изделүүдө.

Лондондо соңку кездери террорчулар чабуулунан улам коопсуздук коркунучунун деңгээли жогору деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG