Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

ЕБ бурмаланган маалымат менен күрөшкө 3,3 млн евро бөлөт


Европа биримдигинин жетекчилиги Орусияны пропагандалаган бурмаланган маалыматтарга каршы чара көрүүгө жыл сайын 3,3 миллион евро бөлө турган болду.

Каражат маалымат согушуна каршы күрөшкөн East Stratcom Task Force тобуна 2018-жылдан тартып берилет. Аталган топ 2015-жылы түзүлгөн. Топ апта сайын "Бурмаланган маалыматтардын баяндамасын" жарыялайт. Кийинки жылдан баштап топтун ишмердиги кеңейтилет.

Европа Биримдигинин демөөрчүлүгү менен жаңы телеканал ачуу да пландалган.

Батыш Украинадагы жаңжалдан улам Орусияны маалыматтык согуш боюнча айыптайт.

Кремль соңку жылдары Москванын саясатын жайылткан медиаларга миллиарддаган акча бөлүп келүүдө.

XS
SM
MD
LG