Зимбабвенин Жогорку соту мурдагы президент Роберт Мугабени бийликтен кетирүү боюнча аскерлердин жасаган аракетин мыйзамдуу деп тапты. 93 жаштагы Мугабенин бийлигине каршы чыккан аскерлер өз кадамдары мамлекеттик төңкөрүш эместигин бир канча жолу белгилешкен эле.
Associated Press кабарлагандай, сот ошондой эле Эмерсон Мнагагванын вице-президенттик кызматтан алынышы да мыйзамсыз болгону тууралуу чечим чыгарды. Маалыматка караганда, дал ушул чечим Мугабеге каршы аскерлердин көтөрүлүшүнө себеп болгон.
Зимбабведе өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийин Эммерсон Мнангагва президенттик кызматка киришти. Анын инаугурациясы 24-ноябрда болду.
Сот ишемби күнү өлкөнүн мурдагы экономика министри, коррупция боюнча айыпталып жаткан Игнасиус Чомбонун ишин кароого киришти. Чомбонун адвокаты аны аскерлер бир жума барымтага алганын, токмоктолгонун, азыр ооруканада экенин айтууда.