Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

АӨБ кесиптик жана техникалык билим үчүн 30 миллион доллар берет


Кыргызстанда кесиптик жана техникалык билим берүүнү жакшыртууга Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион доллар грант берет. Ушундай чечим кабыл алынганын уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Кыргыз өкмөтү менен келишим түзүлүп, ал парламентте ратификациядан өтсө каражат бөлүп берилет.

Алдын ала план боюнча, 2018-жылдын биринчи кварталында баштала турган долбоордун алкагында үч миңдей мугалимдин кесипкөйлүгү жогорулатылып, жеке тараптар менен окуу жайлардын кызматташуусу жанданат.

Кыргызстанда кесиптик жана техникалык билим берүү багыты колдоого муктаждыгы тууралуу маселени адистер бир канча жолу көтөрүшкөн.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикалык жана билим берүү тармагына каржылык колдоо көрсөтүп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG