Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Мушкер Самат Эмилбеков дүйнө чемпиону болду

Самат Эмилбеков (ортодо).
Самат Эмилбеков (ортодо).

Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбеков Megdan Fight спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды. ММА жана К-1 боюнча эл аралык турнир 25-ноябрда Сербиянын Новисад шаарында өткөнүн мушкердин машыктыруучусу Эмил Токтогонов билдирди.

Кыргыз мушкери өзбекстандык Султан Калахунов менен ат салышып, 1-раунддун 35-секундасында технкалык нокаут менен жеңип алды.

Самат Эмилбеков Кулатуу эртаймаш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мушкери.

​
XS
SM
MD
LG