Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Мамкызматчылардын кыргыз тилин үйрөнүүсү боюнча токтом чыкты


Мамлекеттик кызматкерлер 2019-жылдан тартып кыргыз тилин базалык деңгээлде билиши керек. Мындай токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду. 

Документке ылайык, мамлекеттик мекемелерде иштегендердин кыргыз тилин билүү дарамети 2020-жылы орто деңгээлде, 2021-жылы ортодон жогору деңгээлде болушу кажет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өкмөт аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлдү. 

Кыргызстанда мамлекеттик мекеме-ишканалардагы тейлөө көбүнчө орус тилинде жүргүзүлүшү коомчулуктун нааразылыгына себеп болуп келет. Айрыкча, Бишкек шаарында кыргыз тилине караганда орус тилине басым жасаларын жарандык активисттер байма-бай сындашат.

 

XS
SM
MD
LG