Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Чүйдө жол кырсыгында ата-баланын өмүрү кыйылды


Кырсыкка кабылган автоунаа.
Кырсыкка кабылган автоунаа.

Чүйдүн Аламүдүн районунда 26-ноябрь күнкү жол кырсыгынан ата-бала каза тапты. Облустук милициянын маалыматына ылайык, жогорку ылдамдыкта келаткан Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги даракты сүзгөн. Алган жараатынан рулду башкарып бараткан 49 жаштагы айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу набыт болушту.

Айдоочунун аялы жараат алып Чүй аймактык ооруканасына жеткирилди. Окуя "Ала-Тоо" айыл чарбасынын аймагында катталган.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700дөн ашты. Жарадар болгондор 8 миңге жакын.

Жогорку Кеңеште бул маселе бир канча жолу көтөрүлүп, өкмөт башчы аварияларды азайтуу боюнча ноябрдын башында күч органдарына тапшырма берген.

2016-жылы 6 миңге чукул жол кырсыгынан 900дөн ашуун киши өмүрү менен кош айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG