Допингге каршы дүйнөлүк агенттик менен кызматташкан, Москвадагы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченков орусиялык футболчулардын кызытма колдонгону жөнүндө маалымат берүүгө даярдыгын билдирген. Бул тууралуу Родченковдун адвокаты Жим Уолдендин айтканына шилтеме жасап, The Daily Mail гезити жазды.
Родченков Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) бере турган маалыматтар ондогон орусялык футболисттер, алардын ичинде улуттук кураманын оюнчулары кызытма колдонгонун далилдеши мүмкүн.
Орусиянын футбол кеңешинде Родченковдун адвокатынын айтканын “болбогон чагым” деп баалашты. “Маалымат ФИФАнын сайтына чыкса гана аны талкуулоого негиз бар. Ага чейин болбогон чагым” – деди орусиялык футбол кеңешинин президенти Вячеслав Колосков.
Допингге каршы уюмдун көз карандысыз комиссиясы Орусиянын бийлиги спортсмендердин кызытма колдонуусун колдогону тууралуу атайын докладды 2015-жылы чыгарган.
Докладды даярдоо боюнча иликтөөдө Родченковдун көрсөтмөсү дагы колдонулган. 17 өлкөнүн Допингге каршы агенттиктери Орусияны Түштүк Кореяда өтчү кышкы Олимп оюндарынан четтетүүнү талап кылышты.
Бул маселе боюнча акыркы чечим декабрь айынын башында белгилүү болот.