Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Бишкекте түрк өкмөтү каржылаган оорукананын курулушу аяктады


Иллюстрация
Иллюстрация

25-ноябрда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Түркия өкмөтүнүн эл аралык мамилелерди колдоо агенттигинин Бишкектеги өкүлү Али Муслу жолугушту.

Жолугушууда Али Муслу Бишкектеги “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасынын имаратынын курулуш иши аяктаганын билдирди. Учурда имаратты суу, канализация жана жылуулук системасына кошуу иштери жүрүп жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык алкагында курулган ооруканага заманбап диагностикалык жабдуулар коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ачылат. Имарат Бишкектеги №1 оорукананын базасында иштейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG