Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

Сасык тумоологондор 14 пайызга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын былтыркыдан 14,7 пайызга көбөйдү.

Ошто быйыл ноябрь айында 361 киши каттоого алынса, Бишкекте 2114 адам сасык тумоо менен ооруканаларга кайрылган. Былтыр ушул маалда 1546 киши кайрылган болчу.

Декабрь айынын ортосунан кийин сасык тумоологондор ого бетер көбөйөт деген божомолдор бар.

Кыргызстанда медициналык кызматкерлер, карылар, балдар жана майыптар үйүндөгү жарандар тумоого каршы акысыз эмделет. Ал эми калган жарандар жеке менчик клиникалардан вакцина сатып ала алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG