Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:13

Евробиримдик "Чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзамды сындады


Еврокомиссиясынын эн белгиси
Еврокомиссиясынын эн белгиси

Европа Биримдиги Орусия президенти Владимир Путин кол койгон жана орус бийликтерине четтен каржыланган массалык маалымат каражаттарын «чет элдик агент» деп таанууга жана чектөөлөрдү киргизүүгө жол берген мыйзамды сындады.

Еврокомиссиянын өкүлү Майя Коцьянчич 26-ноябрда тараткан билдирүүсүндө «бул мыйзам Орусиянын адам укуктары боюнча алган милдеттенмелерине каршы келет» деп баса белгиледи.

Коцьянчич мыйзамды «эркин жана көз карандысыз медиа каражаттары менен маалымат алууга кошумча коркунуч туудурат» деп баалап, бул мыйзамды «Орусияда эркин ой-пикирди чектөөнүн дагы бир аракети» деп сынга алды.

25-ноябрда президент Путин четтен каржыланган маалымат каражаттарын “чет элдик агент” катары таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду. Мамлекеттик Думанын депутаттары бул мыйзамды 15-ноябрда бир добуштан жактырышса, бир апта өтпөй аны Федерация Кеңеши кабыл алган.

Мурдараак Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Орус кызматы - “Свобода” радиосуна, "Idel.Реалии", "Сибирь.Реалии" сайттарына жана "Настоящее время" телеканалына кат жиберип, анда аталган маалымат каражаттарынын ишине чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгүн эскерткен. Катта мыйзам күчүнө киргенден кийин кандай чаралар кабыл алынары так айтылган эмес.

“Эркин Европа/Азаттык” медиа-корпорациясынын президенти Том Кент кайсы редакцияга кандай чаралар киргизилери тууралуу так маалымат келмейинче жаңы мыйзамдын таасирин баалоо мүмкүн эместигин айтты.

- Биз журналисттик ишибизди улантып, орус тилдүү аудиториябызды так жана бейтарап маалымат менен камсыздоону аткара беребиз, -деди Кент.

Орусиядагы чет элдик маалымат каражаттарына чектөө киргизүү чечими АКШдагы Кремль каржылаган "Russia Today” телеканалы Американын Юстиция министрлигинин талабы менен “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөндөн кийин кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG