Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Пакистанда нааразылыкка чыккандар менен полиция кагылышты


Исламабаддын Файзабад районунда полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышы. 25.11.2017
Исламабаддын Файзабад районунда полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышы. 25.11.2017

Пакистандын борбору Исламабаддын сыртында исламчыл партиянын мүчөлөрү менен коопсуздук күчтөрү кагылышты. Адегенде полиция активисттерди алар турган лагерге күч менен сүрүп барды. Тирешүү маалында көчөлөрдө автоунаалар өрттөлдү.

Ишемби күнү исламчыл актвисттер менен коопсуздук күчтөрү кагылышып, анда бери дегенде алты киши набыт кетип, 200дөй адам жараат алган. Жабыркагандардын көпчүлүгү – полиция кызматерлери.

Мындай зордук-зомбулуктан кийин, 25-ноябрдын кечинде Пакистандын Ички иштер министрлиги Исламабадда «тартипке көз салуу үчүн» кошумча күчтөрдү тарткан.

Коопсуздук күчтөрүнө шаардагы бир катар маанилүү жайлардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, парламенттин, өкмөттүн жана президенттин администрациясынын имараттарынын коопсуздугун камсыздоо милдети тагылды.

Жекшембиде Исламабаддын Файзабад районундагы лагердин төрт тарабына полиция жана куралдуу күчтөр коюлду.

Лагерде жайгашкан нааразылыкка чыккан эки миңге жакын киши Исламабадга барчу жолду 6-ноябрда бөгөшкөн.

Жекшембиде аларга кошулгандардын саны арбып, "Тахрик-и Лабайк Йаа Расул Алла" (Tehreek-e Labaik Ya Rasool Allah) партиясынын бир нече миң мүчөсү иш-чараны колдоп чыгышкан. Мындай нааразылык акциялар башка шаарларга, анын ичинде Карачиге да жайылды.

XS
SM
MD
LG