Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Парламентте Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясы каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоого өкмөттүн даярдыгын жана буга байланыштуу парламенттин токтомун карайт. Эл өкүлү, демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, өкмөт майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча атайын программа иштеп чыгышы керек.

- Көп элде ушундай программалар болгон. Бирок акыркы беш жыл ичинде бир дагы программа жок. Мындан сырткары өкмөткө "конвенцияны Жогорку Кеңешке алып келсин" деген тапшырма берип жатабыз. Бул багытта кандай реформа кылыш керек экенин көптөрү билбейт. Ачык айтсак премьер-министр, министрлер, ошол эле социалдык тармакта иштеген министр, мен дагы майыптарга кандай жардам бериш керек экенин билбейбиз. Ошондуктан бул макулдашууну ратификацияласак, жасала турган иштердин картасы түзүлүп калмак.

Майыптардын көйгөйлөрүн чечиш үчүн бейөкмөт уюмдар өкмөттү БУУнун конвенциясын ратификациялоого үндөп келишет. Документ майыптарга шарт түзүүгө, алардын медициналык жардам алышын жакшыртууга милдеттендирет. Бул конвенция 2006-жылы кабыл алынган. Учурда 150дөн ашык өлкөдө ратификацияланды. Кыргызстан ага 2011-жылы кол койгону менен парламент бекитип бере элек.

Өлкөдө расмий каттоого алынган майыптардын саны 173 миңге чукул. Анын 28 миңден ашууну балдар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG