Бүгүн парламенттин Бюджет жана каржы комитетинде 2018-2019-жылдардагы бюджеттин болжолу экинчи окууда карала баштайт. Буга байланыштуу каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасайт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешеси 142 млрд. 581 млн. сом көлөмүндө каралган. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөт. Номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт.
Ал эми 2018-жылдагы республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 162 млрд. 849 млн. сом деңгээлинде белгиленүүдө. Келерки жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт.
23-ноябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында бюджет долбоору каралып, ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышкан. (КЕ)