Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Суннит өлкөлөрү терроризмге каршы жаңы коалиция түздү


Мухаммед бен Салман ал-Сауд.
Мухаммед бен Салман ал-Сауд.

26-ноябрда Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед Салман бен Абдел-Азиз ал-Сауд терроризмге каршы күрөшкөн жаңы коалиция өз ишин баштаганын билдирди. Ага расмий түрдө 41 мамлекет кирет. Бул аскердик бирикмени түзүү аймакта жигердүү аракеттенип келген террорчул уюмдарга ачык эскертүү экени айтылды.

Эр-Рияддагы жолугушууга коалицияга кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери, коопсуздук маселелери боюнча эксперттер катышты. Биримдикке кирген өлкөлөр терроризмге каршы күрөш үчүн өз аскерлерин, каражатын жана саясий мүмкүнчүлүктөрүн бириктире турганы айтылды. Мындан тышкары, атайын кызматтардын чогуу аракеттенүү боюнча мүмкүнчүлүгү сүйлөшүлдү.

Маалымат каражаттары коалицияга суннит өлкөлөрү киргенин, анда Иран, Ирак, Сирия мамлекеттери жок экенин жазышты. Аскердик коалицияга кошулуп, кийин бир катар араб өлкөлөрү бойкот жарыялаган Катар да бул бирикмеге кирген эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG