Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Тажикстанда балта менен судьяга кол салган киши 15 жылга соттолду


Тажикстанда Пянж райондук сотунун төрагасына балта менен кол салган Диловар Олимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24-ноябрда Хатлон облустук соту билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим өткөн аптанын соңунда кабыл алынып, бирок азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Хатлон облустук сотунун төрагасынын орун басары Темур Бойзоданын айтымында, Диловар Олимов Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында "Киши өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси дагы бар.

Окуя 31-августта Пянж райондук сотунун имаратында болгон. Диловар Олимов райондук соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Рахимзода жарадар болуп, ооруканага жеткирилген, бөлмөсүндөгү эмеректердин баары талкаланган.

Бир суткадан кийин Диловар Олимов кармалган. Анын иши Хатлон облустук прокуратурасында каралууда. Прокуратуранын билдиргени боюнча, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниеттенбегенин айткан.

Окуя болгон күнү, 31-августта Пянж райондук сотунда Олимовдун мурдагы аялынын доо арызы каралган. Ал биринчи жубайы менен расмий никеге турган эмес жана эки баласын өзүнүкү катары тааныбай койгон. Бирок сот балдардын атасы Олимов экенин тастыктап, ар бирине 130 сомониден алимент төлөөгө милдеттендирген. Олимов соттун чечимине нааразы болуп, үйүнөн балта алып келип кол салган.

Пянж райондук ооруканасынын өкүлдөрү билдиргендей, судья оор жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG