Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Медер Шабданов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, 26-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунда, Кубакы ашуусунда айдоочу “Тойота Карина” үлгүсүндөгү машинаны башкара албай, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Андан 4 адам каза болду. Алардын бирөө 2017-жылы туулган ымыркай.
Ушул эле күнү Алай районунун Ош-Эркечтам унаа жолунда катуу ылдамдыкта келаткан «Лексус LX-470» унаасы аласалып, жолдон чыгып кеткен. Анын айынан машинадагы үч киши мүрт кетти.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Ал эми Чүйдүн Аламүдүн районунда жогорку ылдамдыкта келаткан Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги даракты сүзгөн. Алган жараатынан рулду башкарып бараткан 49 жаштагы айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу набыт болушту.
Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. (КЕ)