Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына кол салгандар кармала элек. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр изделип жатат. Кол салууга тоноо максаты себеп болгон деген версия каралууда.

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызы 24-ноябрдын кечинде Бишкектин 12-кичи районунда кол салууга кабылган.

Милиция ал үйүнө кирип баратканда подъезддин жанында белгисиз адам балтырына бычак сайып, андан соң сумкасын алып качканын маалымдаган. Кыз ооруканага жеткирилген, дарыгерлер анын абалы туруктуу деп билдиришкен.

Факты боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG