Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин 30дан ашык кызматкери эки айдан бери эмгек акысын толук албай жатканына нааразылык иретинде бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн алдына акцияга чыгышты.
"Азаттык" радиосунун аймактык кабарчысы билдиргендей, алар быйыл октябрдан тартып 9500 сом айлык чегерилгенин, бирок 2500 сом гана акча алып жатышканын айтышты.
Чогулгандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолугушуп, маселени чечүү боюнча көмөктөшүүгө убада берди.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жетекчилиги болсо муну шаар бюджетинин бекитилбей жатканы менен байланыштырды.
Мекемеде 70тей кызматкер эмгектенет. Жалал-Абад шаарынын быйылкы жылга карата 350 миллион сомдон ашык бюджети азыркыга чейин бекитиле элек. (RsK)