Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Сапар Исаковду, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековду, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, анда Жээнбеков бийликтин бардык бутактары мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтык, ынтымак, мыйзамдуулуктун бекемделишине жооп берерин жана эл менен өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чогуу-чаран иштөөгө тийиштигин белгиледи.
«Алмазбек Шаршенович Атамбаев өз саламаттыгын жана күчүн аябай мамлекетте туруктуулукту орнотту. Тиешелүү мыйзамдык база бар, биз иштешибиз гана керек, ар бирибизден өз милдеттерибизди так аткаруу гана талап кылынат. Биздин милдет – Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бийликтин баардык бутактарында коррупцияга каршы күрөшкө болгон күчүбүздү жумшоо», - деди президент.
Ал эми өлкөнүн дагы бир экс-президенти Роза Отунбаева "Азаттык" радиосуна берген маегинде Атамбаев кандай сыйлык алган күндө да алты жыл ичинде анын ишинде бир топ кемчиликтер болгонун, көп иштер жасалбай калып калганын моюнга алуу керектигин белгилеген.
Ал аткаруучу, мыйзам чыгаруучу бутактарындагы иш тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоого даяр экенин айтты.
Мындан тышкары парламент аткаруучу бийликке бардык жагынан жардам берип, элге жана мамлекетке керектүү, маанилүү долбоорлорду колдоп туруш керектигин белгиледи. Ошондой эле өкмөттө да уланта турган, ийгиликтүү жыйынтыкты талап кылган социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир канча долбоорлору бар экенин, Жогорку Сот системадагы реформаларды улантышы зарылдыгын кошумчалады.
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 24-ноябрда расмий киришкен. (NT)