Ош облусунун Алай районунда 26-ноябрдагы жол кырсыгында каза тапкандар бир үй-бүлө мүчөлөрү, бир туугандар болуп чыкты.
Алар - Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси, 51 жаштагы Тяншанбек Марифов, Ош шаарындагы мечиттердин биринин мурдагы имамы, 49 жаштагы Арабидин Марифов, Бажы кызматынын «Түндүк» бажы бекетинин жетекчисинин орун басары 48 жаштагы Шарабидин Марифов. Кырсыкка кабылган автоунааны Тяншанбек Марифов айдап бараткан.
Патрулдук милициянын өкүлдөрү билдиргендей, кечээ кечки саат 17:00 чамасында Ош-Эркечтам автожолунун 54-чакырымында «Лексус LX 470» үлгүсүндөгү машине жолдон чыгып, ала салып кеткен. Буга айдоочунун рулду башка албай калганы себеп болгону айтылган. Бир туугандар Алайды көздөй бара жатышкан.
Кыргызстан боюнча акыркы бир күн ичинде эле жолдогу кырсыктардан тогуз киши каза болду.