Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Абактан качкандардын аты-жөнү жарыяланды


Сокулук райондук милиция бөлүмүнөн качып чыккандар. Сүрөттү ИИМ таратты.
Сокулук райондук милиция бөлүмүнөн качып чыккандар. Сүрөттү ИИМ таратты.

Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна берген маалыматы боюнча, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан качып чыккан төрт кишини издөө уланып жатат.

Милиция качып кеткендердин аты-жөнүн жарыялады. Алар:

- Базаркулов Рамил Муктарбекович, 1979-жылы туулган. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Кылмыш кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча шек менен кармалган.

- Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 1985-жылы туулган. Түркмөнстандын жараны. Кылмыш кодексинин 168-беренесинин 4-пункту ("Каракчылык"), 348-беренесинин 2-бөлүгү ("Документ, штамп, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыян келтирүү жана жашыруу"), 174-беренесинин биринчи бөлүгү ("Мүлктү атайлап жок кылуу же зыян келтирүү") боюнча шек менен кармалган.

- Дилдешов Бакыт Чыныбекович, 1979-жылы Талас облусунда туулган. 168-берене ("Каракчылык") боюнча шек менен кармалган.

- Жанботоев Кайрат Байызбекович, 1989-жылы Чүй облусунда туулган. Кылмыш кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча шек менен кармалган.

Кылмышка шектүү катары кармалган бул төрт киши бүгүн таңкы саат 6га жакын Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоо жайынан качып чыгып, из жашырып кетишкен.

Учурда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана ИИМдин ыкчам тобу аларды издеп жатат. Облус жана Бишкек шаары боюнча «Сирена» деп аталган кармоо планы жарыяланды. (NT)

XS
SM
MD
LG