Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 27-29-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-246 чакырымдарында кар көчкү коркунучу бар. Күрткү жана жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Суусамырда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градус суук болот.
Бишкекте 28-ноябрда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 5…7 градуска чейин жогорулайт.