Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Орус авиациясынын соккусунан 53 сириялык мерт болгону айтылууда


Орусиянын аскердик учактары. 30-август, 2015-жыл.
Орусиянын аскердик учактары. 30-август, 2015-жыл.

Сирияда орус авиациясы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун карамагындагы айылга сокку урганда кеминде 53 карапайым киши, анын ичинде 21 бала мүрт кетти. Бул тууралуу Британияда жайгашкан "Сирия обсерваториясы" укук коргоо уюму маалымдады.

Окуя кечээ эртең менен Деир ал-Зор чөлкөмүндө болгон. Буга чейин 34 кишинин өлүмү жөнүндө айтылып келген. "Бирок куткаруу иштери жүрүп, урандылар тазалангандан кийин курман болгондор көп экени аныкталды”, - деди уюмдун жетекчиси Рами Абдел Рахман АФП агенттигине.

Анын айтымында, соккулар Ал-Шафах кыштагындагы турак жайларга тийген. Бул маалыматты көз каранды эмес маалымат булактары ырастап же төгүндөй элек. Орус армиясынын өкүлдөрү болсо комментарий бере элек.

"Обсерватория" өз ишинде Сириянын өзүндөгү булактарга таянат жана кайсы өлкөнүн учактары чабуул койгонун алардын түрүнөн, локациясынан, колдонгон куралдан жана учуу схемаларынан аныктаарын айтып келет.

Орусия Сириядагы жарандык согушта президент Башар Асадды колдоп, өкмөт күчтөрүнө абадан жардам берип жүрөт.

XS
SM
MD
LG