Индонезияда Агунг жанар тоосу атылып, Бали аралындагы аэропортто 60 миңдей турист камалып турат. Аэропорт 24 саатка жабылып, 400дөн ашуун каттам токтоп калды. Ал эми Балиге бараткан учактар Жакарта, Сингапур жана башка шаарларга кайтарылууда.
Ишембиде жанар тоо бир жуманын ичинде экинчи ирет атылды. Агунгдан чыккан күлдүн бийиктиги 7 чакырымга чейин жетип жатты. Жанар тоого 5-8 чакырым жакын жайгашкан айылдардан 24 миң киши көчүрүлдү. Эксперттер ысык лава каптай турган коркунуч бар дешет. 1963-жылы Агунг атылганда Балиде миңден ашуун киши өлгөн. Жылына бул популярдуу аралга 5 миллиондой турист барат.