Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Жогорку Сот Фучик паркындагы кинотеатрды мэрияга кайтарды


Фучик паркындагы жайкы кинотеатрдын азыркы абалы. Сүрөт Бишкек шаардык мэриясына тиешелүү.
Фучик паркындагы жайкы кинотеатрдын азыркы абалы. Сүрөт Бишкек шаардык мэриясына тиешелүү.

Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы эс алуу багында жайгашкан жайкы кинотеатр Ленин райондук администрациясынын карамагында калды.

27-ноябрда Жогорку Соттун чечими менен кинотеатр муниципалдык менчикке өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2013-жылдын 8-сентябрында Ленин райондук сотунун чечими менен кинотеатр Солтоев аттуу жарандын менчигине берилип кеткен.

Былтыр декабрда иш кайра каралып, ушул эле райондук соттун башка судьясы биринчи чечимди жокко чыгарган. Солтоев апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып, анын арызы четке кагылган. Ал шаардык соттун чечимине макул болбой, Жогорку Сотко даттанган.

Фучик паркындагы жайкы кинотеатрдын аянты 1 013 чарчы метр. Шаар башкармалыгы бул парк жана кинотеатр оңдоло турганын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG