Бухарестте миңдеген адамдар бийликтеги Социал-демократтар партиясынын юстиция системасын өзгөртүү тууралуу демилгесине каршы чыгышты. Кечээки демонстрацияга катышкандар парламенттин имаратына чейин жүрүш жасашты. Расмий санак боюнча башкалаадагы акцияга 30 миңдей киши, ал эми 70тей шаарда 20 миңге жакын киши чыкты.
Европа комиссиясы, чет өлкөлүк дипломаттар, кээ бир соттор коалициянын мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча демилгеси сот системасын саясий көзөмөлгө алууга жол ачат, коррупцияга каршы күрөштү солгундатат деп сындашат.
Сын пикирин айткандар мындай өзгөртүүлөр паракорлук боюнча шектүү катары тергөөгө алынган башкаруудагы партиянын мүчөлөрүнө артыкчылык берээрин да айтышууда.
"Транспэренси Интернешнл" уюму Румынияны Евробиримдиктеги эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошкон.
Февралда ушул өңдүү план массалык нааразылык акцияларына алып келген соң Социал-демократтар партиясы андан баш тарткан.