Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Орусия: Лугансктагы абал Минск келишимдерине таасир этпейт


Луганскка бара турган жолду көрсөткөн белги.
Луганскка бара турган жолду көрсөткөн белги.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчил Луганск чөлкөмүндөгү жетекчиликтин алмашуусу Минск келишимдерин ишке ашырууга таасир тийгизбей турганын билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков туткундарды айырбаштоо боюнча “демилесинде” да буга чейинки позиция кала берерин белгиледи. Өздөрүн “Луганск элдик жумурияты” (ЛНР) деп атаган аймактын лидери Игорь Плотницкийдин кызматтан кетиши жөнүндө 24-ноябрда жикчилердин сайтында жазылган. Ага чейин бир нече күн бою бийлик талашуу жүрүп жатканы кабарланып келген.

Сайттагы маалымат боюнча Плотницкий саламаттыгына байланыштуу кызматын тапшырды, анын милдетин “жаңы шайлоого чейин” мурда ички иштер министри деп аталып жүргөн Леонид Пасечник аткарып турмакчы.

Ал ошондой эле Минск сүйлөшүүлөрүндө жикчилердин өкүлү болот.

2014-жылдын жазында Москва Украинанын курамындагы Крым жарым аралын оккупациялап алып, өлкөнүн чыгышындагы тополоңго шыкакчы болгон. Орусиянын колдоосу менен жикчилер Луганск жана Донецк облустарын өз көзөмөлүнө алууга жетишкен. Ошондон бери жүрүп жаткан жарандык согуш 10 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.

Көптөгөн фактыларга карабай Орусия кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенин танып келет,

XS
SM
MD
LG