Муратбек Шайымкулов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
57 жаштагы Муратбек Шайымкулов Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган кезде анын кеңешчиси болуп иштеген. (NT)