Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Абактардагы абалды оңдоо маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Жаза аткаруу системасын оңдоодогу артыкчылыктуу багыттар” аттуу тегерек үстөл өтөт.

Анда түрмөдөн чыккандарды коомго аралаштыруу жана бул багыттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралат. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, бул багытта эл аралык уюмдар менен кызматташуу пландары талкууланат. Тегерек үстөлгө бул мекеменин башчысы Таалайбек Жакыпов, Эл аралык Кызыл чырым уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Сангита Кениг катышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда абактан чыккан адамдардын 40-45% кайрадан кылмыш кылып, түрмөгө түшөт. Буга алардын жай турмушка аралаша албаганы, аларды коомчулуктун кабыл албаганы себеп.

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы "Эл аралык түрмө реформасы" уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдардын, БУУнун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жардамы менен абактан чыккан адамдарды коомчулукка аралаштыруу, социализациялаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө.

Коңшулаш Казакстанда мындай программа 2015-жылдан бери иштеп келатат. Натыйжада акыркы эки жылда соттолгондор 25% азайган. Расмий маалыматтар боюнча азыр Кыргызстандагы абак жайларда 15 миңдей киши кармалып турат. Алардын дээрлик тең жарымы эки же андан көп жылга соттолгондор. (КЕ)

XS
SM
MD
LG