Бүгүн Бишкекте өпкөнүн өнөкөт ооруларына каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата “Тамеки тартасыңбы, анда өпкөңдү текшер!” деген акция өтөт.
М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана ички органдар институтунун пульмонолог-адиси Бермет Естебесованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, “Бишкек Парк” соода борборунда өтө турган иш-чарада каалоочулар акысыз текшерүүдөн өтө алат.
- Тамеки тарткандар өзгөчө өспүрүмдөр арасында көбөйдү. Мурда алгачкы жолу чылымды 12-13 жашында тартып көрүшсө, азыр 6-7 жашта чегип жатышат. Тамекини туруктуу тарткандардын жашы да жашарды.
Кыргызстанда чылым чегүүгө каршы ар кандай аракеттерге карабай, тамеки тарткандар азая элек. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандардын 30% тамеки чегет.
Соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.
Чылым тартуу өпкөнүн өнөкөт, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишик жана кант диабети сыяктуу дарттардын пайда болушун шарттайт. (КЕ)