Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

“Таза коом” долбоорунун стратегиясы 2018-жылы кабыл алынат


"Таза коом – Жаңы доор" стратегиясын иштеп чыгуу учуру.
"Таза коом – Жаңы доор" стратегиясын иштеп чыгуу учуру.

2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом – Жаңы доор” улуттук стратегиясы келерки жылдын 15-февралында кабыл алынат. Ага чейин долбоор толукталып, кайра иштелет.

Бул тууралуу 27-ноябрда маалымат жыйынында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова кабарлады. Анын айтымында, стратегияны иштеп чыгууга жана талкуулоого ишкерлер чөйрөсү, илимий ишмерлер, түрдүү ассоциациялар менен диаспоралар, жаштар, мигранттар, ошондой эле өлкөнүн региондорунун жашоочулары тартылат.

- “Таза коом – Жаңы доордун» өзгөчөлүгү - адамдын дараметин өнүктүрүү. Биз адамдын өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз. Анткени Кыргызстандын инсаны жана жараны - эң баалуу капитал, - деди Ахмедова.

Документ боюнча сунуштарды жана сын, пикирлерди strategy-2040@adm.gov.kg жана strategy2040kg@gmail.com. электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Кыргызстанда 2018-2040-жылдарга эсептелген өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы 15-ноябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында талкууланып, жактырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG