"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана ага инвестиция салуу боюнча эл аралык «TAV Airports Holding» компаниясынын сунушун караш үчүн жумушчу топ түзүлөт.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Манас” эл аралык аэропортунун инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Нурсултан Белеков кабарлады.
- Бул биз үчүн чоң долбоор болуп жатат. Бүгүнкү күндө Түркиянын компаниясынан сунуш түшүп жатат. Алар эки аэропортту иштетүү боюнча сунушун айтышты. Азыр жумушчу топ түзүлүп жатат. Ал аталган компанияны кандай шартта иштетсе туура болорун карап чыгат.
Премьер-министр Сапар Исаков 21- ноябрда түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясынын аткаруучу директору Мустафа Сенерди кабыл алган. Сенер Грузия менен Македонияда ири долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп, Кыргызстанга инвестиция салууга ынтызар экенин айткан.
Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Манас” эл аралык аба майданын жана аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө мекеме жетекчилеринин маалыматын угат. (КЕ)