Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Францияда коомго кызмат кылуу жөнүндө мыйзам иштелип чыкты


Париж, эки полиция кызматкери жана көчө артисти.
Париж, эки полиция кызматкери жана көчө артисти.

Дүйшөмбү, 27-ноябрда Елисей сарайында “ишеним аркылуу коомго кызмат кылуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору иштелип чыкты.

Аны бюджет министри Жеральд Дерманен жана премьер-министр Эдуард Филипп сунуш кылышты. Өкмөт башчы француз администрациясынын аппаратынын “эки мүшкүлүн” атады. Алар: текешерүүлөрдү өтө жакшы көргөндүк жана бюрократиялык жол-жоболордун татаалдыгы.

- Биздин максат - иштин принцибин өзгөртүү. Аткаминерлерди көзөмөлдөө жана жазалоо логикасына ишеним маданиятын кошуш керек, - деп билдирди Филипп.

Франциянын өкмөт башчысынын айтымында, бул мыйзам Франциянын ар бир жашоочусуна “жаңылуу укугун” берет. Мисалы, кайсы бир салык төлөөчү салык декларациясына бир нерсени жазбай калганын билдирсе, ал жазага тартылбайт. Бул үчүн айып пулдун суммасы азайтылат. Бул “жаңылуу укугу” боюнча принцип саламаттык сактоо, коомдук жана жеке коопсуздук, айлана чөрөнү коргоо жаатында колдонулбайт. Мыйзам долбоору келерки жылдын башында парламентте каралат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG