Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Алматыда диний ырларды социалдык түйүндөрдө жайылткан жаран соттолду


Алматыда сот араб тилиндеги диний ырларды угуп, аларды Интернетте жайылткан Шухрат Кибировго өкүм чыгарды. Ал диний кастыкты козутууга, терроризмге үгүттөө боюнча айыпталып, алты жыл, сегиз айга эркинен ажыратылды.

Мамлекеттик айыптоочу буга чейин Кибировду 11 жыл түрмөгө кесип, мүлкүн мамлекеттин карамагына алууну өтүнгөн.

Шухрат Кибиров 2014-жылы «Алим Ахметов» аттуу колдонуучунун аккаунту менен «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө араб жана чечен тилдеринде диний насаат ырларын жарыялаган деп айыпталган.

Шухрат Кибиров сотто өзүнө коюлган дооматтарды четке какты. Анын адвокаты даттанарын билдирди. Жактоочу Галым Нурпеисов "соттун бул өкүмү кандай жагдай болбосун бейкүнөө адамды терроризм же диний экстремизм боюнча айыптаса боло турганын көрсөтүүдө" деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG