Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Сирия өкмөтү Женевадагы сүйлөшүүлөргө барбай турганы айтылууда


БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура.
БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура.

Сирия өкмөтүнүн делегациясы оппозиция өкүлдөрү менен жолугушканы Женевага барууну кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу "Reuters" Сириянын өкмөттүк "Ал-Ватан" басылмасына шилтеме келтирүү менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Дамасктын мындай чечими өткөөл мезгилге чейин президент Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылган оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү менен байланыштуу.

БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамасктын Женевага барбаганы боюнча комментарий бере элек. Мистуранын кеңсеси кабарлагандай, оппозиция менен өкмөттүн кезектеги сүйлөшүүсү 28-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG