Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Чубак ажынын экинчи аял тууралуу билдирүүсү боюнча прокуратурага арыз жолдонот


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

“Кылым шамы” адам укуктарын коргоо борбору Чубак Жалиловдун соңку видеобилдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрылганы жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна борбордун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, прокуратура видеодо Чубак ажы келтирген бардык фактыларга укуктук баа берип, мыйзам чегинде чечим кабыл алышы керек:

- Териштиргенге негиз бар. Себеби Кылмыш кодекси бизде эки аял алганга тыюу салат. Эң коркунучтуусу, бул башкаларга чакырык жасап жатат.

"Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кабыл алынып, иштеп жаткан мыйзамдарды сыйлоого милдеттүү. Эгер билбей туруп мыйзамдын жоболорун бузса да жоопкерчиликтен бошотулбайт. Эгер ар бир жаран кимдир-бирөө тарабынан мыйзам бузулганын билип туруп аны жашырып койсо жооркерчиликке тартылат. Мыйзам бузулгандын жана кылмыш жасалгандын далили катары күбөлөрдүн көрсөтмөсү, далил буюмдар, экспертиза жыйынтыктары жана шектүүнүн өз көрсөтмөсү эсептелет. Бул видеодо Чубак ажы Жалилов өз көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамын билип туруп бузганын мойнуна алып жатат. Ошондой эле ал башка жарандарды да мыйзам бузууга чакырууда" деп жазды Азиза Абдирасулова өзүнүн "Facebook" баракчасына.

Чубак ажы тараткан видеодо ал "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм" деп жарыялады.

Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат. Укук коргоочунун айткандарына Чубак ажы азырынча комментарий бере элек.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG