Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Бишкек-Ош: Адам өлүмүнө себепкер айдоочу изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош-Бишкек жолунда жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Окуя 27-ноябрда түнкү саат үч чамасында Ош-Бишкек автоунаа жолунун 580-чакырымында болгон.

Сузак участогунда 39 жаштагы Маматов Рустамды белгисиз унаа сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу облустук жол коопсуздук кызматынын инспектору Нурлан Саркаров "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жергиликтүү тургун алган жараатынан улам жол боюнда каза тапкан.

Милиция кырсыкка күбө болгон жарандарды изин жашырып кеткен айдоочуну табууга көмөктөшүүгө чакырууда.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. (RsK)

XS
SM
MD
LG