Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

"Мутакалим": Чубак ажыга мыйзам өз баасын бериш керек


Жамал Фронтбек кызы.
Жамал Фронтбек кызы.

"Мыйзам күчүн көрсөтүшү керек" деп билдирди бүгүн "Азаттык" радиосуна "Мутакалим" мусулман аялдар прогрессивдүү-коомдук бирикмесинин башчысы Жамал Фронтбек кызы Чубак ажынын экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берип жатып.

- Чубак ажынын кылганы туура эмес деп эсептейм. Ал Уламалар кеңешинде отургандан кийин мыйзамга, Кыргызстандын Конституциясына баш ийиши керек болчу. Ооба, динде жазылган, бирок ал лидер катары эки жакты бирдей алып кеткен, Конституцияга басым жасаган, мыйзамдарды катуу сыйлаган адам болушу керек деп ойлойм. Өзү "ушундай кылмыш иш кылдым" деп жатканы өзүнчө бир прецедент болуп жатат. Буга коомчулук да, диний аалымдар да, мыйзам да өз баасын бериши керек. Бул жерде муфтияттын тиешеси жок. Мыйзам күчүн көрсөтүшү керек.

Бүгүн Интернетте Чубак ажы: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм" деп айткан видео тарады.

Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат.

“Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору Чубак Жалиловдун соңку видеобилдирүүсүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрылганы жатат.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган.

Ал өзү азырынча комментарий бере элек. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG