Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталат


БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура (оңдо) жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир Сирия оппозициясынын Эр-Рияддагы жыйынында. 22-ноябрь, 2017-жыл.
БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура (оңдо) жана Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир Сирия оппозициясынын Эр-Рияддагы жыйынында. 22-ноябрь, 2017-жыл.

БУУнун демөөрчүлүгү астындагы сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи айлампасына Сирия өкмөтү бойкот кылышы мүмкүн экендигине карабай, ал башталышы күтүлүүдө.

Улуттар Уюмунун чабарманы Стефан де-Мистуранын билдиргенине караганда, Сирия өкмөтү өлкөдөгү жарандык согушту токтотууну максат кылган сүйлөшүүлөргө катышарын азырынча ырастай элек. Өткөн түнү Сириянын өкмөттүк делегациясы Женевага бүгүн келбей турганын гана кабарлаган.

Мистуранын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасында жаңы Конституцияны даярдоо жана кабыл алуу маселесине көңүл бурулат. БУУнун чабарманы сүйлөшүүнүн алдын-ала шартын ким койсо да аны кабыл албай турганын кошумчалады.

Ал арада оппозиция делегациясынын башчысы Наср Харири 27-ноябрда Женевага келген соң алардын максаты президент Башар Асаддын бийликтен кетиши экенин белгиледи.

Ал эми Сириянын өкмөттүк “ал-Ватан” гезитинин мурдараак жазганына караганда, оппозициянын "Асад кызматтан кетсин" деген талабынан улам Дамасктын делегациясы Женевага барышын кечеңдетүүдө.

Оппозиция болсо өкмөттү сүйлөшүүлөргө олуттуу көңүл бурбай, убакытты атайлап создуктуруп жатканы үчүн айыптап келет.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган. (UE)

XS
SM
MD
LG