Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:08

ИИМ: Паспорт жасап, чет элдиктерге саткандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто жасалма паспорт жана башка документтерди жасаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыктын кызматкерлери жүргүзгөн рейд учурунда кармалган топтун курамында Жалал-Абад облусунун тургундары экени аныкталды.

Милициянын маалыматына караганда, тинтүү учурунда алынган жасалма документтердин кээ бирлерин мыйзамдуу түп нускасынан айырмалоо кыйын болду.

Кылмыш боюнча шектүүлөр көп сандаган документтерди жасап, аларды чет элдик жарандарга саткан деп айыпталууда.

Козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө башкармалыгы иликтеп жатат. Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайында. (RK)

XS
SM
MD
LG