Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Арменияда Тоолуу Карабактын мурдагы кол башчысы алты жылга кесилди


Самвел Бабаян сотто. 31-июль, 2017-жыл.
Самвел Бабаян сотто. 31-июль, 2017-жыл.

Армения соту Тоолуу Карабактагы жикчил күчтөрдүн мурдагы кол башчысы Самвел Бабаянды курал аткезчилиги жана арам акчаны адалдаганы үчүн күнөлүү деп тапты.

Бабаян менен кошо айыпталган алты кишинин бирөө үч, бирөө эки жылга түрмөгө кесилип, калган төртөө шарттуу соттолду.

Тоолуу Карабактын мурдагы коргоо министринин армян президенти Серж Саркисяндын өкмөтүнө оппозиция болгон өнөктөштөрү сот чечиминин саясий жүйөсү бар деп эсептешет.

Бабаян Азербайжандан ажырап кеткен Тоолуу Карабак аймагындагы армяндардын 1993-99-жылдардагы аскер башчысы болгон.

Ал быйыл мартта камакка алынганда Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы андан орун которуучу “Игла” ракеталык системасы табылганын билдирген.

Мурдагы таасирлүү аскер башчы Армениядагы парламенттик шайлоодон бир нече апта мурда камакка алынган.

Ал шайлоодо Бабаян Армениянын мурдагы коргоо жана тышкы иштер министрлери түзгөн оппозициячыл альянска колдоо көргөзгөн. Бабаян өзү да прокуратуранын таккан айыптарын четке каккан.

Көбүнесе армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандан көз каранды эместигин 1988-94-жылдардагы согуш учурунда жарыялаган.

Ал согушта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, жүз миңдеген адам качкынга айланган. (UE)

XS
SM
MD
LG