Бул боюнча атайын токтомго азыркы президент Шавкат Мирзиёев кол коюп, анын тексти шейшемби күнү Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланды.
Документте маркум Ислам Каримов “көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер” деп аталып, анын 80 жылдыгын белгилөө боюнча токтом “Өзбекстандын биринчи президентинин эбегейсиз тарыхый эмгектерин” эске алуу менен кабыл алынганы көргөзүлгөн.
Алдыда мерчемделген иш-чаралардын арасында Самаркандда Ислам Каримовдун монументалдык күмбөзүн ачуу, Карши шаарынын борборунда ага эстелик коюу да бар.
Ага катар мурдагы президентке арналган фильм тартылып, китептер чыгарылып, ал жөнүндөгү макалардын сынагы өткөрүлүп, Самаркандда “Ислам Каримов - көз каранды эмес Өзбекстан Республикасы мамлекетинин негиздөөчүсү” аттуу эл аралык илимий конференция да уюштурулмакчы.
Өзбекстандын 1990-2016-жылдар аралыгындагы президенти 1938-жылдын 30-январында төрөлгөн. Ал дүйнөдөн өткөнүн расмий Ташкент былтыр 2-сентябрында билдирген. (UE)